Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өлгөнүңдө да жакшылык көрбөгүр (көбүнчө улгайган адамдарга карата каргоо, наалат айтуу маанисинде колдонулат). Кепиниңди жегир, ит-кушка жем болбой үйүңдө адал өл (Жоошбаев). В.: Кепиниңди жалмагыр! Кепиниңди жалмагыр, көзүмө көрүнбөй жогол! («Ала-Тоо»). Кепиниң өрттөнгүр! Кепиниң өрттөнгүр! Кантип кара санады?! («Ала-Тоо»). Кепиниң күйгүр! Кепиниң күйгүр! Карыганда буга эмне жетпейт?! («Ала-Тоо»).